Индиялык миллиардер дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде Билл Гейтсти ашып өттү

Индиялык миллиардер Гаутам Адани Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси Билл Гейтсти артта калтырып, дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде төртүнчү орунга чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Аданинин байлыгы 115 миллиард 500 миллион долларга бааланган. Ал эми бешинчи орунга түшүп калган Билл Гейтстин капчыгында 105 миллиард 300 миллион доллар бар.

Ошондой эле дүйнөдөгү эң бай адамдардын бештигине SpaceX жана Tesla компанияларынын башчысы Илон Маск, Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос жана Louis Vuitton Moët Hennessy компаниясынын президенти Бернар Арно кирет.

Белгилей кетсек, буга чейин миллиардер Билл Гейтстин болгон байлыгы кайрымдуулукка жумшалары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан