Бишкектеги Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен бала изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-июлда Чүй районуна караштуу Шамшы айылынан А.Ч. аттуу бала Чоң Чүй каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМнын аймактык бөлүмдөрүнөн 8 куткаруучу, Ички иштер башкармалыгынан 3 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 11 адам тартылган, кеч киргенине байланыштуу издөө убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 22-июлда издөө иштери уланып жатат.
Кошумча маалымат берилет.