Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болат Назарбаев оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Биз сиздерге Болат Назарбаевдин абалы туруктуу оор экенин жана 2015-жылдан бери онкологиялык оорудан дарыланып жатканын маалымдайбыз", - деген Болат Назарбаевдин “Саликалы урпак” коомдук фондунун директору Касым Касабеков.
Буга чейин маалымат каражаттары Болат Назарбаевдин абалы өтө оор экендигин, аны сактап калуу үчүн дарыгерлер болгон күчүн жумшап жатканын жазышкан.
“Саликалы урпак” коомдук фондунун сайтында түзүүчү катары Болат Назарбаев көрсөтүлгөн.
Болат Назарбаев март айында 69 жашка толду.