Кытайдын Чжэцзян провинциясындагы Тунсян шаарынын тургуну 5-кабаттын терезесинен кулап кеткен эки жашар кызды кармап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы Шен Донг аттуу жаран унаасын көчөгө токтотуп жатканда катуу дабышты уккан. Ошол маалда эки жашар кыз 5-кабаттын терезесинен кулап түшүп, көп кабаттуу имараттын 1-кабатындагы темир чатырына түшкөнүн көргөн. Ал арада кыз ордунан козголуп, чатырдан тайгаланып кеткен. Ошол маалда ал кулап келе жаткан кызды жерге түшүрбөй тосуп калууга үлгүргөн.
Наристенин буту жана өпкөсү жабыркаган, бирок абалы туруктуу экени айтылды.