"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын имараты жарыктандырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, имараттын сырткы фасады жаңыланып, жарыктандыруу үчүн 94 сызыктуу светодиоддук чырактар орнотулган.
Ошондой эле имараттын сырты сырдалган. Бул жарыктандыруу энергия чыгымдарын үнөмдөөгө мүмкүндүк берери айтылат маалыматта.