Ош. Борбордук аянтта абакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары президент Алмазбек Атамбаевге жана өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жолдошту

20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары шаардагы борбордук аянтка курулган коргоо комитетинин штабында 20га чукул аялдар орозо кармоодо. Алар депутатты бошотуу талабы менен бийликке койгон 3 күндүк мөөнөттүн жыйынтыгын күтүшүүдө. Орозо кармаган аялдардын абалы менен таанышканы барганыбызда митингди уюштуруучулардын мүчөсү, "Кыргыз журтум" коомдук фондунун төрайымы Сапаргүл Бердалиева: "Бүгүндөн баштап орозо тутууну баштадык, сага орой болсо да айтайын, жөнөкөй эле ажатканабыз жок, орозо туткан аялдар да азыр көзүн көрүп тургандай жок, туш-тушка ажаткана издеп таркап кетишкен" -дейт. Мындан сырткары, мындагы орозо кармап отурган аялдар президент Алмазбек Атамбаевге жана өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жолдошту.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан