«Интел Линкс» жана "Риджент Истейт" компанияларына карата кылмыш иши козголду

Мамлекеттик каттоо кызматында иштегендерди жумуш ордуна киргизбей койгон «Интел Линкс» ЖЧКысы жана "Риджент Истейт" компанияларына карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “өз билемдик” беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 3-декабрда  аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

2-декабрда Ленин РИИБине Мамкаттоо кызматынын статс-катчысы Б.Секимов кайрылып, “Интел Линкс” ЖЧКысы жана "Риджент Истейт" компанияларына чара көрүүнү суранган. Жогорудагы компаниялар борбордогу Москва көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик каттоо кызматынын жумушчуларын иштеген жерине киргизбей коюшкан. Азыркы тапта тергөө иштери Ленин райондук иликтөөчү топ тарабынан жүргүзүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан