Билим берүү министрлиги Иран мамлекети менен кызматташат

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 13-отурумунун протоколунда Билим берүү жана илим министрлиги менен Ирандын илим, изилдөө жана технология министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө илим, изилдөө жана технология жаатындагы кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюу каралган.

Саид Харази Меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган. Ошондой эле элчи башталгыч жана орто кесиптик билим берүү, мугалимдер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуусу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелерди көтөрдү.

Ал эми Бейшеналиев кызматташтык үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, Иран мамлекети билим берүү жана тарбия министри менен жолугушууга жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюуну тездетүүгө даяр экендигин билдирди. Буга кошумча министр элчиге кыргыз-иран биргелешкен илимий фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан