Аида Касымалиева БУУнун Борбордук Азияда терроризмге каршы күрөшүү боюнча брифингине катышты

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун терроризмге каршы башкармалыгынын жана БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун брифингине катышты.
Маалыматка ылайык, брифинг Борбордук Азияда терроризмге каршы күрөшүүдө БУУ тарабынан аткарылган иштер жөнүндө маалымат берүүгө, ошондой эле кызматташтыктын жаңы демилгелерин талкуулоого жана терроризмге каршы күрөшүү үчүн каражат чогултууга жана Борбордук аймакта экстремизмге жол бербөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө мүмкүндүк берди.
Аида Касымалиева терроризмге каршы күрөшүү боюнча улуттук, аймактык жана эл аралык күч-аракеттерди бекемдөө үчүн уникалдуу глобалдык документ болгон БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын натыйжалуу ишке ашыруунун, ошондой эле Борбордук Азия боюнча жаңыланган Биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу биргелешкен планды ишке ашыруу боюнча Кыргызстан БУУнун түзүмдөрү менен тыгыз координацияда иштөөгө даяр экени айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан