Чолпон-Атада “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 23-июль күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Рух Ордо маданий борборунда “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалынын үчүнчү сезону өтүп жатат.

Бул фестивалдын алкагында чакан жарманке уюштурулган. Анда чет жерден келген дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жасаган эмгектерин көргөзмөгө коюшту.

Мындан тышкары, ата мекендик жана чет элдик дизайнерлердин эксклюзивдүү коллекцияларынын көрсөтүүсү, улуттар аралык кийимдердин парады орун алат.

Аталган фестивалга 20 мамлекеттен атактуу дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана мода индустриясынын адистери келишкен.

“Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалы - бул - салттуу билимдерди, маданиятты, кийимдердин тарыхын даңазалоодо жана аларды таанытуудагы атайын чоң аянт. Төрт жылдан бери долбоор 50дөн ашык мамлекет менен кызматташып, мода индустриясы тармагында ийгиликке жетишкен. Унутта калган салт-санааны, кол өнөрчүлүктү, кийим маданиятын кайрадан жаңыртып, кыргыз кийимдерин дүйнөгө таанытууда, ата мекендик дизайнерлердин эмгектери менен бир топ өлкөлөрдү кыдырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан