Кытайда 2013-жылы 20 миң аткаминер мамлекеттик кызматкерге тиешелүү кулк-мүнөздү сактабагандыгы үчүн жазага тартылган

Кытайда 20 миңге жакын аткаминер мамлекеттик кызматкерге тиешелүү кулк-мүнөздү сактабагандыгы үчүн жазаланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 3-декабрда жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 2012-жылдын аягында аткаминерлердин элге жакпаган жоруктарын азайтып, партиянын аброюн арттыруу максатында атайын мыйзам долбоорун кабыл алган. Ал мыйзамга ылайык аткаминерлерге ар кыл иш-чараларга зарылчылыгы жок болсо да катышууга, мамлекет акчасын бейчеки жумшап, ар кандай салтанаттарды өткөрүүгө, пайдасыз жолугушууларды уюштурууга, жыйын мезгилинде маанисиз сөздөрдү узак убакыт бою сүйлөөгө тыюу салынган эле. 
Ошол мыйзам күчүнө киргенден тарта Кытайдын аткаминерлерине карата аңчылык башталып, коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү бир нече жетекчини кармап, аларга айып пул салышкан. Айрымдары кызматтан четтетилген. 
Маалыматка караганда 5000ден ашык кызматкер кызматтык автоунааны колдонуудагы эрежени сактабагандыгы үчүн, 900дөн ашыгы шаңдуу майрамдык салтанаттарды зарылчылыгы жок уюштургандыгы үчүн жазаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан