Бишкекте аномалдуу ысык аба ырайына байланыштуу "Тазалык" ишканасы көчөлөргө суу чачууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын ар бир административдик районуна 2ден унаа атайын техника берилген. “Тазалык” ишканасы атайын техникалар аркылуу жасалма фонтан менен абаны нымдап жатышканы айтылат.