Кечээ, 23-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Маалыматка ылайык, салтанат массалык майрамдоо, ар кыл көргөзмө жана бир катар аймактардын командалары катышкан ат чабыш, аламан, көк бөрү жана башкалар менен коштолгон.
Иш-чаранын катышуучуларына Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы жөнүндө "Пейил" прологу жана Советбек Жумадыловдун жашоосу жөнүндө фильм көрсөтүлдү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен актёр Советбек Жумадыловдун чыгаан эмгегин, ошондой эле алардын мекен үчүн кылган кызматын белгиледи.
Салтанат эстрада ырчыларынын аткаруусу жана Кыргызстан менен Казакстандын төкмө акындарынын айтышы менен уланды.