Соң-Көл жайлоосунда "Алтын кол-Нарын" кол өнөрчүлөрдүн коомдук бирикмесинин демилгеси менен узундугу 130 метрден ашкан кыргыз шырдагы жасалды. Шырдакты жалпы 70 уз-чеберлери жасашкан.
Маалыматка ылайык, мындай демилгенин максаты эң узун шырдак менен "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү болуп саналган.
Кыргыз шырдагы фестивалы жыл сайын Нарын облусунун аймагында белгиленип келет.