Ысык-Көл облусунда дайынсыз болуп изделип жаткан 5 жашар бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалматка ылайык, кечээ, 23-июль күнү саат 14:30 чамасында Тамчы айылындагы эс алуучу жайлардын биринде 2017-жылы туулган Р. аттуу бала дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө издөө иштерин жүргүзүүгө Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 2 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылып, баланы аман-эсен табышкан.