“Заманга ылайык улуттук кийимдер, жандуу музыка”. Чолпон-Атада кийимдердин парады болуп өттү

Кечээ, 23-июль күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Рух Ордо маданий борборунда “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалынын үчүнчү сезону болуп өттү.

Аталган фестивалдын алкагында ата мекендик жана чет элдик дизайнерлердин эксклюзивдүү коллекцияларынын көрсөтүүсү, улуттар аралык кийимдердин парады уюштурулган.

Аны менен катар жандуу салттуу музыка орун алды. Бул долбоордун негиздөөчүсү жана уюштуруучусу Назира Бегимдин айтымында, бул саамалыкка жеке эле Азия чөлкөмүнүн дизайнерлери эмес, дүйнөнүн ар тарабынан, Индиядан, Франциядан, Кытайдан, Якутиядан, Индонезиядан жана башка өлкөлөрдөн да келишкен.

Ал белгилегендей, көчмөндөр модасынын тематикасы - салттуу кийимдерди заманга бапташтырууга багытталып, эски кийимдерди жаңы форматта көрсөтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, бул фестивалга 20 мамлекеттен атактуу дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана мода индустриясынын адистери келишкен.

Учурда аталган долбоор Азия жана Европа өлкөлөрүндө көчмөн цивилизациясынын маданиятын даңзалаган алгачкы жана жалгыз долбоор болуп саналат. 2020-жылы улуттук кийимдерди таанытуу багытында эл аралык “Жибек жолу ассоциациясынын” (Франция, Маррокко) тыянагына ылайык, дүйнөдө үчүнчү орунда турган долбоор катары таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан