Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле жакында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгын талкуулашты.
"Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана өзбек элинин бакубатттулугу үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Өзбекстандын президенти куттуктоолор жана жылуу каалоолор үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле достук, шериктештик жана союздаштык принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоого жана эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүнү улантууга даярдыгын билдирди", - деп жазылган маалыматта.