Эки аялдын дүкөндө мушташкан окуясы боюнча кылмыш иши козголду

Социалдык тармактарга дүкөндө мушташкан 2 аялдын видеосу тарап, кызуу талкууга алынган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей аталган окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматка ылайык, милицияга борбор калаанын А.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал Чыгыш-5 кичи районундагы дүкөндө ага кол көтөргөн сатуучуга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Белгилей кетсек, эки тарап тең арыз жазган", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан