Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков кызматынан убактылуу четтетилди. Муну бүгүн, 3-декабрда өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Шаар башчысы өзүнө карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу тергөө бүткүчө кызматта болбойт.
Айта кетсек, М.Бообеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыпталууда.