Ай сайын берилүүчү жөлөк пулдар 200 пайызга чейин жогорулатылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди.
"2021-жылдын 1-октябрынан тарта президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, мамлекеттик жөлөк пулдардын өлчөмү масштабдуу түрдө жогорулатылды.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, ата-энесинен айрылган балдарга, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдар 100 пайыздан 200 пайызга чейин жогорулатылды. Маселен, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар мурда 4000 сом алса, учурда 8000 сом алышууда", - деп билдирди министр.
Ошондой эле 1-июндан баштап жалпы оорудан майыптыгы бар адамдарга, улгайган адамдарга, баатыр энелерге социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү 50 пайыздан 200 пайызга чейин жогорулатылгандыгын кошумчалады.