Донбасстагы согушта белгилүү ММА мушкери каза болду

Украинадагы согуштук аракеттерге жалданма катары катышкан польшалык ММА мушкери Томаш Валентек өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Валентек Донбасстагы согуш учурунда өлтүрүлгөн. Ал Украинага ыктыярчы катары барган.

Томаш Велентек ММА мушкери. Ал өткөн жылы Польшанын Гливице шаарында өткөн турнирде чемпион аталган.

Июнь айында Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы чет элдик жалданма аскерлердин саны боюнча статистиканы жарыялаган. Андагы маалымат боюнча, Украинага барган жалданма аскерлердин саны боюнча Польша Европа өлкөлөрүнүн арасында талашсыз лидер. Анда Польшадан Украинага 1831 аскер барган. Жалданма аскерлердин саны боюнча Польшадан кийин Румыния, үчүнчү орунда - Улуу Британия турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан