Азыркы тапта 219 миң 704 аз камсыз болгон үй-бүлө бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди.
"Ушул жылдын 1-июнуна карата республика боюнча 219 миң 704 аз камсыз болгон үй-бүлө аныкталган. Алардын баарына 100 пайыз санарип социалдык паспорт толтурулду", - деп билдирди ал.
Базарбаев 1-июндан баштап “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун өлчөмү дээрлик 50 пайызга көбөйтүлгөнүн айтты.
Ошондой эле 1-январдан баштап аз камсыздуулук боюнча жөлөк пул алуучулар дээрлик 40 пайызга чейин электр жарыгына жеңилдик алышканын (ред.; 77 тыйындан 50 тыйынга (1 кВт/саат) мындай жардамды республика боюнча 100 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө алып жатканын кошумчалады.