Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Меккеде кичи ажылык зыярат жасады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 23-июль күнү Сауд Арабияга Токаев ханзаада Салман Бен Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барган. Анын жыйынтыгында эки тарап 13 документке кол коюшкан. Мындан тышкары, өлкө башчы ханзаадага "Алтын Кыран" орденин тапшырган.
"Президент Каабанын ичине кирди, анын эшиги айрым учурларда өтө сыйлуу конокторго гана ачылат. Бул Сауд Арабиясынын жетекчилигинин Казакстандын лидерине болгон терең сый-урматынан кабар берет", - деп жазылат маалыматта.