Акыркы 4-5 күндөн бери өлкө аймагында ысык аба ырайы катталууда. Бишкек шаардык мэриясы жарандарга ысыктан кантип коргонуу керектиги тууралуу кеңеш берет.
- Ысыктан сактануу үчүн баш кийим жана табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийиңиздер. Мындай ысыкта синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келиши мүмкүн.
- Суюктукту көбүрөөк ичиңиздер: газсыз минералдык суу, лимон кошулган суу, муздак көк же кызыл чай. Газдалган жана алкоголдук ичимдиктерден алыс болуңуздар.
- Суунун ашыкча муздак болбошуна көңүл буруңуздар, анткени ысыкта иммунитет төмөндөгөндүктөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт.
- Сууга түшүү денени муздатуунун жакшы жолу. Сууга түшүү эрежелерин сактоо жана спирт ичимдиктерин ичпеш керек.
- Сунуш кылынбаган, тыюу салынган сууларда сүзүүгө болбойт.
Көбүнчө ысыкта тобокелге кабылган улгайган адамдар чоң коркунучка кабылышат. Алардын арасында кант диабети, артериялык гипертензия, кандагы холестериндин деңгээли жогору жана жүрөк-кан тамыр ооруларына тукум куума ыкташы бар, ашыкча салмак менен ооруган бейтаптар кирет.

Оорунун курчушуна жол бербөө үчүн төмөнкү эрежелерди аткаруу зарыл:
- Текшерүүдөн өтүүгө, дарыгер тарабынан белгилеген дары-дармектерди өз убагында алууга;
- Кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин өлчөө;
- Эгерде сиз ооруп жатсаңыз ысык аба ырайында оор физикалык жумуштан алыс болуңуз;
- Ден соолуктун начарлашынын белгилери байкалса көлөкөгө барып, физикалык көнүгүүлөрдү токтотуп, медициналык мекемеге кайрылуу керек;
- Демейде ичип жүргөн дарылардан ысыкта баш тартпаңыздар, аларды дайыма жаныңыздарда алып жүрүңүздөр.