Таиланд бийлиги менен оппозициясы убактылуу элдешишти

“Таиланд өкмөтү менен оппозициясы убактылуу элдешишти. Ошондон улам Бангкоктогу башаламандыктар токтоду” деп билдирет чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 3-декабрда.
Маалыматка караганда, бир аптадан ашык убактан бери тирешип келген өкмөт менен оппозиция өкүлдөрү убактылуу жараша турган болду. Муну жергиликтүү маалымат каражаттары Таиланд ханынын туулган күнү менен байланыштырышууда. 5-декабрда Таиланд ханы 86 жашка чыгат. Тайлар үчүн хан ыйык деп эсептелгендиктен, анын туулган күнү өткүчөктү мамлекетте баш аламандыктарга жол берилбейт.
Белгилей кетсек, бүгүн, 3-декабрь таңга маал оппозиция лидери Сутеп Таугсубан өкмөт үйүн басып алууга барарын жар салган. Алардын эки ирет өкмөт үйүн алууга жасаган аракетинен майнап чыкпагандыктан, бүгүн сөзсүз бул максаты ишке ашарын оппозиция өкүлдөрү кабарлашкан болчу.
Эми оппозициянын издегени жерден табылып, өкмөт үйү алардын колуна куралсыз өтүп отурат.
Эки тарап жарашкан соң бийлик митингчилерге өкмөт үйүнө кирүүгө уруксат берип, ал жерде концерт өтө турган болду. Учурда оппозиция мүчөлөрү имараттын ичине кире элек. Алар концерт уюштурууга даярдык көрүп, керектүү техникаларды өкмөт үйүнүн короосуна орнотууда. Алтургай нараазычылык акциясына чыккандар бири-бирин куттукташып, полиция кызматкерлерине гүлдөрдү беришүүдө. Полиция кызматкерлери да ыраазычылык билдирип, акырындан тарап жатышат.
Акцияга чыккандардын бири “Менин оюмча биз 100 пайыз болбосо да, 90 пайыз жеңишке жетиштик” деген билдирүүсүн таратты. Ошол эле учурда премьер-министр Йинглак Чинаваттын дагы хандын туулган күнүн белгилөөгө даярданып жатканы дайын болду. Жергиликтүү телеканалдар премьер-министр катышкан майрамдык салтанаттын даярдалып жатканын көрсөтүшкөн. Жарашуу Таиланд ханынын туулган күнү бүткүчөктү уланмакчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан