“КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын сыйлыгын тапшыруу аземи өзгөчө сыйлык ээсине гана эмес, аны тапшырып жаткан кыргыз тарапка дагы таасирдүү болду”,- деп билдирди бүгүн, 3-декабрда “Парламент” радиосундагы маегинде депутат Максат Сабиров. Эскерте кетсек, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгынын алгачкы ээси Орусиядагы “Литературная газетанын” башкы редактору Юрий Поляков болду.
“Сыйлык ээсине лауреаттыгы жөнүндөгү китепчеден тышкары 30 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык да тапшырылат. Бул каражат бул ирет президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, премьер-министрдин фондусунан топтолду. Эмдиги жылдан тарта ал каражатты республикалык бюджеттен кароо жагы сунушталууда”,- деди Сабиров.