Өлкөдө миңден ашуун мектеп 25 миң даана компьютер менен камсыз болору айтылды

Өлкө боюнча 1 200 мектеп 25 миң даана компьютер менен камсыздалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев министрликтин жарым жылдык отчётун берип жатып билдирди.

"Мектептерди керектүү компьютердик техника менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында, республиканын 1200 мектеби тандалып алынып, 2022-жылдын аягына чейин 25 миң компьютер менен камсыздалат", - деп билдирди министр.

Бейшеналиев билим берүүнүн мазмунун жана билим берүү стандарттарын, окуу пландарын иштеп чыгууга болгон мамилени олуттуу өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жаткандыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан