Нарында Түркиянын колдоосу менен 100 орундуу бала бакча ачылды

Түркиянын Этимесгут муниципалитетинин колдоосу менен Нарында 100 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандагы Түркиянын элчилигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бала бакчанын ачылыш аземине Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболат Тутуев, шаардык кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты.

100 окуучу билим ала турган бала бакчага 650 миң доллар каражат жумшалган. Нарын бийлиги бала бакча үчүн 1696 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берген.

Бала бакчага Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн ысымы ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан