Буга чейин президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен биргеликте жайлоодо түшкөн сүрөттөрүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Ал эми өлкө башчы менен УКМКнын төрагасы минген аттарды эл тартуу кылганын Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов жазып чыкты.
"2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдында "Мекенчил" партиясын жетектеп барган Камчыбек Ташиев эң алгачкы жыйынды 4-сентябрь күнү Садыр Жапаров туулуп өскөн айылдан (Түп районундагы Кең-Суу айылы) баштаган болчу. Жолугушууга чогулган эл тарабынан Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго аталып эки ат тартууланган. Камчыбек Кыдыршаевич тору атка минип, бирок Садыр Нуркожоевич ал кезде абакта болгондугуна байланыштуу ага аталган кара ат бош калган. Ошондо Камчыбек Ташиев калың элден ак бата алып, шайлоого аттанып жатып: "Буюрса, досумду алып келип, ушул атка мингиземин. Досумду абактан чыгарууга жардам бериңиздер. Кудай буюрса, Садыр Нуркожоевичти эл кызматына алып келебиз" деп, андан соң Кыргызстандагы бүтүндөй айыл-кыштактарга чейин кыдырып чыкканы белгилүү. Кудайдын буйругу менен, эл-журттун колдоосу менен ал ниеттер орундалды. Жараткан Камчыбек Ташиевди ошол күнү калың элдин алдында айткан тилек-максатына жеткирди.