Канадада жашаган Айсулуу Алмаз: "Чоң кызматтагы адистер бой көтөрбөй жөнөкөй жана сылык болгонуна суктанам" (маек)

Учурда дүйнөнүн ар кайсы бурчунда түрдүү тармакта ийгилик жаратып жаткан мекендештерди жолуктурууга мүмкүн. Алар мекенден алыс жашап, билим алып, ири компанияларда тажрыйба топтоп келишет. SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө Канадада жашап, эмгектенип жаткан мекендешибиз Айсулуу Алмаз болмокчу.

- Айсулуу, өзүңүз тууралуу кенен маалымат айтып берсеңиз. Учурда кайсы өлкөдө, шаарда жана кайсы тармакта эмгектенип жатасыз?

- Учурда Канаданын Монреаль шаарында жолдошум жана бир жашар уулубуз менен жашайбыз. Канадага көчүп келгенибизге быйыл төрт жыл болду. Өзүм Көлдөн болом, жашым отузда. 2013-жылы Бишкектеги “Ала-Тоо” эл аралык университетинин финансы багытын окуп бүтүргөм. 2011-2012-жылдары студент алмашуу программасынын алкагында бир жыл Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы Малая университетинде бизнес жана бухгалтерия тармагында окугам. Окууну бүтүргөн соң Бишкекте Ансар Аккаунтантс аттуу фирмада 1 жылга жакын аудитор болуп иштедим. 2014-жылдын декабрь айынан бери PricewaterhouseCoopers (PwC) аттуу эл аралык аудит фирмасында аудитор болуп эмгектенем. Буга чейин PwC'нин Стамбул, Торонто жана Монреаль кеңселеринде иштедим.

- Көп жылдан бери чет өлкөдө жүрөсүз. Канча өлкөгө саякаттаганга жетиштиңиз? Кайсы шаар кайсы өзгөчөлүктөрү менен эсте калды?

- Көп эмес, бирок бир канча өлкөгө саякаттап барууга мүмкүнчүлүгүбүз болду. Саякаттарыбыздын ичинен Париж шаары өзгөчө таасир калтырды. Бири-бирине окшош курулган кооз, эски имараттар, көпүрөлөр, даамдуу тамактар абдан жакты. Пандемияга чейин бир канча күнгө барып, шаардын белгилүү жерлеринин баарын кыдырып чыкканга жок дегенде 1 жума керек экен, кийинки жайда кайра баралык деп пландап жатканбыз анан пандемия башталып, дүйнө өзгөрүп ал планыбыз азырынча ишке ашпай турат. Буюрса, дагы да барабыз деген үмүттөмүн.

- Англис тилин үйрөнгүсү келген кыргыз жаштары абдан көп. Бирок ар ким ар кандай жолдор менен үйрөнөт эмеспи. Тил үйрөнүүдө кандай методдорду колдонсо бат өздөштүрүүгө болот?

- Мага тил үйрөнгөндө жардамы тийген ыкмаларды айта кетсем:
Кино тасмалардын баарын алдындагы жазуусу (ред.; субтитр) менен көрөм. Netflix, Youtube'да дээрлик бардык фильмди субтитр менен көрсө болот. Ар кыл тармактан жаңы сөздөрдү дароо үйрөнөсүң. Студент кезде VK.com сайтынан бекер тил окуу жайлары тил деңгээлине жараша атайын даярдалган сериалдарды көрчүмүн, жакшы жардам берген. Телефон, компьютер дегендердин тилин англисчеге студент кезде эле которгом. Уккан ырлардын сөздөрүн таап чогуу ырдап, шар сүйлөгөндү үйрөнсө болот.

Жаңылыктардын көпчүлүгүн англисче окуйм. Англисче ББСни телефонго жүктөп алсаңар, бекер, пайдалуу ар кыл темада жаңылыктар, макалалар, видеолор көп. Чоң адабий эмес ,мемуар жанрында жазылган китептерди окуйм.

Студент кезде практика кылуу максатында кыргыз досторум менен да англисче жазышып, сүйлөшчүбүз. Курска барган жолдошторуңар менен сүйлөшүп алып, жалаң англисче байланышсаңар болот. Мисалы, былтыр французча үйрөнөм деп “Duolingo” деген аппликация колдонгом. Бул жазып, окугусу келбегендер үчүн жакшы. Оюндарды ойноп жатып эле көп жаңы сөз үйрөнө аласың. Англисчесине катталып күндө ойносо болот.

- Канадада жашап жүрүп эмнелерди үйрөнө алдыңыз?

- Канадалыктар абдан жөнөкөй келишет. Колунда болгон нерсесине ыраазы болуп бактылуу жашаганды билишет. Бирөөнүн тандоосун, оюн дайым сыйлап кичипейил болушат. Мисалы, жаңы таанышканда өзүң айтып бермейинче, “Кайсы жерден болосуң? Кайда иштейсиң? Канчадасың?” – деген суроолорду сурашпайт жана бирөөнүн жеке жашоосуна кызыгышпайт.

Жумуш аркылуу чоң кызматтагы адистер менен байланышып калганыбызда, бой көтөрбөй баарынын жөнөкөй жана сылык болгонуна суктанам. Канадалыктар жумуштан сырткары, өз кызыкчылыктарына, сөзсүз көңүл бурушат. Мисалы, кышында лыжа тебишет, шаардын сейил бактарында уюштурулган муздарда хоккей ойношот. Жумуш убактысы бүткөндө баары сыртта балдары менен ойноп, сейилдеп, чуркап, көнүгүү жасап ден соолугуна кам көрүшөт. Мына ушулардын баарын үйрөнүп жатам.

- Фейсбук баракчаңызды карап жатып, "адам аткарылбай калган каалоо-максаттарынан улам ооруйт" деп жазган макалга көзүм түштү. Сиз үчүн бул макалдын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

- Илгерки индеецтердин макалын бир жерден окуп аябай таасирленип Инстаграм, Фейсбуктагы чакан күндөлүгүмө оюмду жазгам. Дайым өзүбүздөн, бирөөдөн бир нерсе күтүп жашаган маданиятта чоңойгондукубу, алдыга аябай көп максаттарды коюп, өзүм менен теңдерге жетишкендиктеримди салыштырып алып, алар аткарылбай калганда кайгырып ден соолугума таасир берген учурлар болот. Анан ушул макалды уккандан бери койгон максаттарыма жана өзүмө болгон мамилемди өзгөртүүнүн үстүнөн иштеп жатып, өзүм да жеңилдеп, тегерегимдегилерге берген таасирим да өзгөрүп калды.

- Канада өлкөсүндөгү акыйкаттык, сөз эркиндиги жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

- Канадада мыйзам жана мыйзамдуулук иштеп, бардык эрежелер аткарылаганы үчүн акыйкаттык өкүм сүрөт жана мыйзам чегинде сөз эркиндиги бар. Мисалы, сөз эркиндиги бар деп эле тастыкталбаган, туура эмес маалыматтарды жарыялап жаткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат. Ошол эле учурда кайсы бир маалымат каражаттары бийлик тарабынан куугунтукка алынган болсо мыйзам чегинде сөзсүз териштирилет. Анан Канадада бизге салыштырмалуу маалымат тараткан кабар агенттиктери азыраак. Бир канча белгилүү, көз карандысыз, өз ишин жана укуктарын билген агенттиктер болгон үчүн окуган-уккан кабардын туура экенине ишенесиң. Бизде азыр ошол эле Фейсбукта, Инстаграмда кабар тараткан баракчалар, кабар агенттиктер аябай көп, канчалык деңгээлде тастыкталган туура кабар жарыялап жатканына ишенген оор, сапаттан саны көптөй.

- Тилекке каршы, өлкөдө кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук уланып келүүдө. Эмнеге көпчүлүк учурда кыздардын укугу тебеленип калууда деп ойлойсуз?

- Азыр заман өзгөрдү, кыздарды кичинесинен билим алууга, жактырган кесибинин ээси болууга, ой-кыялын эркин айта ала тургандай эрктүү, көз карандысыз айым боло тургандай кылып тарбиялоонун жардамы чоң деп ойлойм. Өз оюн эркин айта алган, өз укуктарын билген, максаттарынын аркасынан эч кимден көз каранды болбой чуркай алганда кыздар өз баркын билип, сыйлабаган, зордук-зомбулук көрсөтө турган эркектерден алыс көз каранды болбой жашаганга мүмкүнчүлүгү болот. Зордук-зомбулук көрүп жаткан айымдардын көбү зөөкүр жолдошунан финансылык жактан көз каранды болгонунан өзүн куткарып кете албай калат.

Мисалы, мага үйдөн окууну бүтүп, жактырган кесибиңдин ээси болуп, финансылык жактан көз карандысыз боло электе: “Турмушка чыкпа, күйөө качпайт” деп айтышчу. Үйдөгүлөр айткандай жогорку окуу жайын бүтүрүп 3-4 жыл иштеп, 25 жашымда финансылык жактан толук көз карандысыз болгондо турмушка чыктым. Ынтымактуу үй-бүлө курганга чоң жардамы тийди.

- Азыркы учурда бүтүрүүчүлөр кесип тандап жаткан кези да. Сиз учурда кайсы кесиптерди актуалдуу, суроо-талап жогору деп атай аласыз?

- Азыр технология багытындагы кесиптерге суроо талап күндөн-күнгө жогорулап жатат. Өзгөчө кесип алмаштыргысы келгендер үчүн да кыска мөөнөттүк окуу жайлар ачылып, учурда аябай белгилүү болуп жатат.

Менимче, кесип тандоодо ар бир адам жөндөмүнө анан дараметине да маани берүүсү шарт. Бул кесиптин ээси бол деп бирөөдөн сунуш алардан мурда мен эмне кылгым келет, эмнеге кызыгам, өмүр бою ушул кесипти аркалап, ушул жумушту жасай аламбы деп өзү менен кеңешкени да туура. Мисалы, иним кичинекей кезинен бери үй, имараттардын сүрөтүн тартып, кагаздан макетин жасап ойночу. Мектепти бүтүрүп, окуу жай жана кесип тандап жаткан учурда архитектордун окуусун оку деп сунуштагам, макул болуп окуп, окуусуна шыгы, каалоосу да дал келип, учурда ишине ашык болуп эмгектенип жүрөт. Инимдин шыгына жана дараметине жараша кесип тандоосуна көмөкчү болгонума дайым кубанам.

- Канадада окуп, туруктуу жашоого уруксат алса болобу?

- Ооба, Канадада жогорку окуу жайын бүтүргөн соң чет өлкөдөн келген студенттер 1-2 жылга чейин Канадада иштөө уруксатын алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Жумуш сунушун алып, иштеп жаткан убакта туруктуу жашоо уруксатына тапшырып алууга мүмкүн жана чет өлкөдөн тапшырганга салыштырмалуу жеңилирээк. Канаданын ар бир провинциясынын өзүнүн иммиграциялык программалары бар жана баары кадимки упай системасы аркылуу тапшыруучулар арасында тандоо жүргүзөт. Жогорку билим, окуган кесип боюнча иштөө тажрыйба, жаш, үй-бүлөлүк абал, англисче же французча тил билим деңгээли сымал талаптар упай негизинде саналып, эгер упай жетсе анан программаларга тапшырууга мүмкүн.

Чет өлкөдөн иммиграция программаларга тапшыргандардын көбүнүн упайы жетпей Канадага окууга келип, окуп, иштеп андан ары туруктуу жашоо уруксатына тапшырууга аракет кылышат. Себеби Канадада алынган билимге жана иштөө тажрыйбасына кошумча упай саналат.

- Студент учуруңда "окууну бүткөнчө алда канча убакыт бар" деген ой жашай берет эмеспи. Бирок убакыт учкан куш сыңары бат эле өтүп кетет. Студенттерге кандай кеңештерди бересиз?

- Убакыт бар кезде чет тилдерди өзгөчө англис тилин окуп үйрөнүп алууларын сунуштамакмын. Тил билген адистерге иш дүйнөсүндө орун табууга мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк. Биз студент кезибизге салыштырмалуу азыр мүмкүнчүлүк абдан көп да. Эң жөнөкөй азыр дээрлик ар бир студенттин колунда чексиз интернетке байланган акылдуу телефону бар, алакандагы телефонун ачып туруп дүйнөнүн ар бурчунан маалымат алып, каалаган нерсесин бекер пайдалуу булактардан окуп үйрөнүп алуу мүмкүнчүлүгү бар.

- Уул тарбиялап жаткан бактылуу эне экениңизди билебиз. Канадада жашап балаңыз эне тилин билбей калбайбы деп кооптонбойсузбу?

- Үй-бүлөбүз кыргыз тилдүү болгонунан үйдөн жалаң кыргызча сүйлөйбүз. Чет өлкөлөрдө жашаганыбызга 8 жылдан ашты, кыргыз тилин унутуп же тилибиздин бир аз да болсо бурулганын байкаган жокпуз. А балабыз Алманбет менен курсакта кезинен бери кыргызча сүйлөшүп турганыбыздан азыр эмне десек баарын түшүнүп калды. Азырынча тили чыга элек, бирок биз үйдөн жалаң кыргызча сүйлөшүү салтыбызды улантсак, эне тилин билбей калуу коркунучу болбойт деп үмүттөнөбүз.

- Эң сонун! Маек үчүн чоң рахмат!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан