Бишкекте “Ааламды багынткан Айтматов” аттуу тегерек стол өтөт

Бишкек Гуманитардык университетинде эртең, 4-декабрда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата  “Ааламды багынткан Айтматов” аттуу тегерек стол өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты. 
Тегерек столго жазуучунун бир туугандары Ильгиз Айтматов жана Роза Айтматова, режиссёр Бекболот Айдаралиев жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген окумуштуулар катышат. Катышуучулар “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, Айтматовдун эстелигине гүл коюшат. Аталган иш-чаранын алкагында Б.Айдаралиевдин жазуучу тууралуу “Менин сөзүм – менин жан дүйнөм” аттуу тасмасынын бет ачары болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан