Өлкөдө китеп окугандардын саны былтыркыга караганда 19 пайызга өстү

Китепканаларда окурмандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйында билдирди.

"Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 1 066 китепкана бар. Алардын ичинен 2 республикалык, 9 облустук, 40 райондук маанидеги китепканалар Маданият министрлиги тарабынан каржыланат.

6 ай ичинде жалпы окурмандардын саны 2021-жылдын жарым жылдыгына караганда 19 пайызга, жалпы келүүчүлөрдүн саны 21,7 пайызга, китеп жана документтердин берилиши 9,6 пайызга жана жаңы китептер менен каржыланышы 82,3 пайызга өстү", - деп билдирди ал.

Министрдин маалыматына караганда, өлкөдөгү китепканалардын жалпы окурмандарынын саны өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгында 621 миң 45ти түзсө, ушул жылдын биринчи жарымында 738 миң 910 окурман болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан