Нарын облусунда селдин алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылга карата табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралардын негизинде Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Суу айылынын түштүк тарабындагы тоо беттеринен агып түшүүчү сел сууларынан коргоочу канал тереңдетилип, тазаланууда.
Аталган каналдын узундугу 1000 метрди түзөт.
Селден коргоочу бул каналдын нугун механикалык тазалоо жумуштарынын натыйжасында, 28 турак жай коргоого алынмакчы.
Жогоруда аталган жумушка ӨКМдан 1 даана экскаватор, 3 кызматкер тартылды.