Бишкекте ойногону чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 8 жаштагы Камронбек изделүүдө

Бишкек шаарында үйүнөн ойногону чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Умаров Камронбек изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ал кечээ, 25-июль күнү саат 15:00 чамасында Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн ойногону чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.

Бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жоголгон жашы жете элек баланын кайда экени белгисиз болуп жатат.

Белгилери: бою 110-120 сантиметр, орто дене түзүлүштө, бети сүйрү, чачы кара. Кийген кийимдери: кара футболка, кара чолок шым, бутунда кызгылт түстөгү жайкы бут кийим.

Урматтуу жарандар! Эгерде сизде Умаров Камронбектин жүргөн жерин аныктоого жардам бере турган кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444-457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102- 880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан