
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен өспүрүм дале табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Шамшы айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 16 жашар А.Ч. аттуу өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Ал беш күндөн бери үзгүлтүксүз изделүүдө.
Токмок шаардык №21, 24 өрткө каршы бөлүктөрдөн 20 куткаруучу тартылган. Ошондой эле саат 8:50дө куткаруучуларга кошумча Ысык-Ата райондук №27 өрткө каршы бөлүктөн 10 адам кошулду. Бүгүн жалпысынан 30 куткаруучу тартылган.
Издөөнүн жыйынтыктары туурасында кошумча маалымат берилет.