Люкс вагон кошулган поезд Бишкек-Балыкчы багытында каттап жатат (видео)

Бишкек-Балыкчы багыты менен жүргөн поезддин жаңыланган вагону менен жүргүнчүлөр каттап жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Жаңыланган вагондо 51 орун каралган. Анда панорамалык терезелер, желдеткич, телевизор, гаджеттерди кубаттоо үчүн электр түзүлүштөрү камтылган.

Маалымат үчүн: Баасы бир киши үчүн 500 сомду түзөт (кайсы жерден түшөрүнө жана отурган орундугуна карабастан). Ал эми 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 250 сом. Эгер бала 5ке чыга элек болсо жана орундукту ээлебестен ата-энесинин алдына отуруп бара турган болсо акы төлөнбөйт. Ошондой эле 36 килограммга чейинки жүккө акы алынбайт.

Жаңыланган вагондор 31-августка чейин ар 2 күндө каттамга чыгары айтылат. Ал эми кадимки вагондор Бишкек-Балыкчы багыты боюнча күн сайын жүргүнчүлөрдү ташыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан