Жантөрө Сатыбалдиев: "Бүгүнкү бийликте коррупция менен күрөшүү үчүн саясий эрк бар"

Бүгүн, 3-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев КРнын Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовду кабыл алды. Жолугушууда “Бийлик органдарында саясий жана системдүү коррупциянын себептерин жоюу чаралары жөнүндө” КРнын Президентинин жарлыгынын аткарылышы талкууланды.

“Бүгүн өлкөнүн жетекчилигинде коррупция менен күрөшүү боюнча чыныгы саясий эрк бар. Бул багытта тергөө органдарынын иликтөөсүндөгү адамга кызматына, саясий кадыр-баркына карабай тергөө иштери жүргүзүлөт. Коррупция менен күрөшүүдө коомчулук бийликтин сөздөн ишке өтүүсүн күтүп келген. Биз коррупционерлер менен казына тоноочулар жазадан кутула албай тургандыгын билгидей кылышыбыз керек”, – дейт Сатыбалдиев.

Бейшенбай Жунусов өкмөт башчыга системдүү коррупция менен күрөшүү чаралары жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык схеманы жоюу боюнча иштелип чыккан иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан