ПОЭТЕРАПИЯ: "Талыкпаган мээнетти талап кылган, Сүйүү деген чоң кызмат айлыгы жок"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы Бекжан Курманбеков.

Бекжан Курманбеков 1998-жылы 12-декабрда Талас шаарында жарык дүйнөгө келген. Беш бир туугандын үчүнчүсү. 2016-жылы "Манас" лицейин аяктаган. Борбордогу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. Учурда Талас шаардык мэриясынын маалымат кызматында эмгектенет. Поэзияга болгон кызыгуусу студенттик күндөрдө ойгонуп, "Данакер Лингво" маданий-илимий коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган "Залкарлар биздин туубуз" аттуу ыр сынактын жеңүүчүсү болгон. Ошондой эле "Жүрөктөн чыккан сезимдер" аттуу кароо сынактын баш байгесине татыган.

КЫРГЫЗ ЖЕРИ

Кыргыз жерим конушум топурагым,
Келет менин дайраңа толкуп аккым.
"Мага коңшу болсун" деп Жараткан да,
Берген сага бейиштин тоо булагын,
Көк мээлжиген аска-зоо тоонун баарын.

Алтын бешик мекеним кут турагым,
Сени чансам жашоодон уттурамын.
"Кыргыз жери кулпуруп гүлдөсүн" деп
Кудай сага жиберген суу булагын ,
Көл дарыя шар аккан суунун баарын.

Акым барбы мен анан кетем дешке?
Эч алмашкыс көрүнсө мекен көзгө.
Күмөнү жок кошулам кыргыз жери,
Көчүрмөсү бейиштин деген сөзгө.

Ар бир атуулдун туулган жерге, мекенге болгон сүйүүсү өзгөчө болсо керек. Мен бул сүйүүнү ыр менен бергим келчү. Бирок канчалык чыгынбайын, аракет кылбайын мекен темасына эч ыр жаза албай жүрдүм. Албетте, жоопкерчиликти талап кылган жашоодогу эң маанилүү тема болгону үчүндүр... Кийин күтүүсүз жерден эле бир дем менен жогорудагы ыр жазылды.

АЛП АКЫНДЫ ЫРЛАРЫНАН ЭСКЕРЕМ

Көкүрөгүн эки сабак ыр менен,
Көрккө бөлөп поэзияны жердеген.
Кайталангыс Алыкулдай акынды,
Кайталангыс ырларынан эскерем.

Көктөм курак бир мүчөлү жашынан,
Тааныш болуп Пушкин менен жаш улан.
Өз тушоосун өзү кесип оо анда,
Ашып өткөн "акын" деген ашуудан.

Сүйүү менен болгон кезде жан курбу,
Коштоп алып Алыкулду кайгыруу.
Акындыкка себеп болгон а балким,
Айдай кыздын аянычтуу тагдыры.

Чарчап калып Жыпар кызы, жөлөгү,
Кайра баштан арман болуп өнөгү.
Күйүт менен ырын жазган ошондо,
"Өлбөсүн" деп башкалардын бөбөгү.

Сыноолордун бүтпөй жорук-жосуну,
Махабаттан болбосо да кол сунуу.
Кайгы муңун унуттуруп акынга,
Эргүү берген Ысык-Көлдүн толкуну.

Карабастан кайдыгерлик милдетке,
"Сен ооруба мен ооруйм" деп бир бетке.
Ата-Журттун дартын алып өзүнө,
Чалдыккандыр, балким ушул илдетке.

Отуз жашы минип алып ак боз ат,
Учкаштырып келсе дагы оору дарт.
Кайталангыс из калтырды Алыкул,
Көп жашаган көсөмдөрдөн чоңураак.

Колго алып котормону том калың,
Урпактарга азык кылып чоң акын.
Ак калпакты кийгиздирген кезинде,
Ырларына Пушкин менен Шотанын.

Эргүү алып музыкадан бир ууртам,
Байлык, бийлик, дөөлөт эмес ыр кууган.
Күнүбүздө Алыкулдай залкар жок,
Тыңшай билген өзүн үйдүн сыртынан.

Канааттанбай ырсыз өткөн өмүргө,
Калп айтпаган ырларына өмүрдө.
Акын алпы жашап жүрөт ошондон,
Рух азыгы поэзиянын төрүндө.

Кийип жүрсө кыргыз уулу калпагын,
Дилге сактап Алыкулдун саптарын.
Жашайт дайым сомдо эмес жүрөктө,
Кылымдардын жан жолдошу алп акын.

Бул ырды 12-декабрь адабият күнүнө карата уюштурулган "Залкарлар биздин туубуз" аттуу сынакка карата жазгам. Бул сынакта залкарлардын ичинен Алыкул Осмоновду тандап алганымдын себеби, анын жупунулугу, жөнөкөйлүгү болсо керек. Ырды жазуу үчүн алп акындын өмүр жолун, чыгармачылык жолун баштан соңуна дейре изилдеп чыгууга туура келген. Тагыраагы, узак убакыт бою жазылган ыр десем туура болот.

СҮЙҮҮ ДЕГЕН...

Көмүскөдө көрүнбөс байлыгы көп,
Ыйыктыгы сүйүүнүн айтылуу кеп.
Талыкпаган мээнетти талап кылган,
Сүйүү деген чоң кызмат айлыгы жок.

Жандандырган адамды тирүүлүктө,
Багынбаган баш ийип тириликке.
Ашыктык бул канаттуу улуу сезим,
Алып учкан кол жеткис бийиктикке.

Бирок анын жок эмес түйшүктөрү,
Кээде ысык кээде бар үшүткөнү.
Сүйүү деген Алыкул ыр жазгандай,
Калагы жок деңизден сүзүп өтүү.

Албетте, ар бир адамдын сүйүүгө болгон көз карашы ар башка болсо керек. Менин көз карашым Эрих Фроммдун изги идеяларына толук кандуу жакындап турат. Ошол окумуштуунун "Сүйүү искусствосу" аттуу эмгегин окуп жатып ушул ыр жазылган.

ЖОЛООЧУ

Белгисиз чоочун ыраактан,
Базарга келди бир адам.

Ал байкуш эле бечара,
Бөлмөнү алган ижара.

Жалданып иштеп үч күнгө,
Болгону тапты үч дилде.

Акчасын берип кербенге,
Ордуна алды кездеме.

Аңгыча болбой күн батты,
Караңгы каптап бүт жакты.

Бат эле карып сапары,
Базардан элдер тарады.

Капалуу чыкты жолуна.
Кепинди артып жонуна,

Кеткиси келбей үңүлө,
Жолоочу кайтты үйүнө.

Бул ырым орто кылымдагы чыгыш акындарына таандык бейт стилинде жазылган. Адам баласынын беш күнчөлүк жашоосун чагылдыргым келген. Тагыраагы, бул ыр менен өлүм тематикасына токтолгом. Өлүм алдында баарыбыз алсыз экенибизди кыйыр түрдө билдиргем десем болот.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан