Кыргызстанда айыл өкмөттөрдүн 73 пайызы дотацияда турары айтылды (видео)

Өлкө боюнча 329 айыл өкмөтү дотацияда турат. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы республикалык дотацияда турган айыл өкмөттөрүнүн саны 377 (83,4 пайыз) болсо, 2022-жылы 329га (72,7 пайыз) түшкөн. Ал эми 2020-жыл дотацияда турган айыл өкмөттөрдүн саны 371 (81,8 пайыз) болгон.

Жантаев жергиликтүү бюджеттердин кирешелүүлүгүн жогорулатуу максатында иш-чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Алардын бири катары аймактарды чакан ишканаларды ачуу менен жумуш орундарын түзүүнү атап өттү. Ошондой эле өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше салыгынын көлөмү 5 пайызга көбөйгөнүн айтып, жыл сайын 5-10 пайыздан көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады. Ал эми келерки жылга чейин канча айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу каралганын так айткан жок.

Кыргызстанда айыл өкмөттөрдүн 73 пайызы дотацияда турат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан