Алты айдын ичинде өлкө боюнча өз алдынча курулуш баштаган 123 объекти аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча 3 327 текшерүү жүргүзүлгөн. 437 объекти ишке киргизилгени белгилүү болгон, анын ичинен 310 капиталдык объект, 127 чакан объект.
Жетыбаев Мамкурулуш жарым жылда 318 лицензия бергенин белгиледи.