Кытайлык актёр дүйнөнүн эң сулуу мырзасы болуп табылды

Кытайлык актёр жана ырчы Сяо Чжаня дүйнөнүн эң сулуу мырзасы аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Nubia" онлайн-журналы беш ай бою дүйнөнүн эң сулуу мырзасын аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзгөн. Добуш берүүгө 189 өлкөдөн 11 миллиондон ашык адам катышканы айтылат.

"Жыйынтыгында Сяо Чжаняга 2 миллиондон ашык колдонуучу добуш берип, ал биринчи орунга чыккан. Экинчи орунду түштүк кореялык музыкант жана актёр Ким Тхэхен ээлеген. Ал эми үчүнчүнү кытайлык актёр, бийчи жана телеалпаруучу Ван Ибо багындырган", - деп жазылат маалыматта.

Талапкерлердин арасында актёрлор Том Холланд, Генри Кавилл жана Тимоти Шаламет, ошондой эле ырчы Жастин Бибер жана футболчу Криштиану Роналду бар болчу.

Белгилей кетсек, 30 жаштагы Сяо Чжаня "Сүйүү убадасы", "Согуш континенти" тасмаларында роль жаратып белгилүү болгон. Жалпысынан 13 сериалга тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан