Баңги кылмыштарына шектелген жарандан ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (баңгизатын мыйзамсыз сактоо же сатуу, эски кодекс) көрсөтүлгөн кылмыштын бетин ачуу боюнча атайын иш-чаралар өткөрүлүп, анын натыйжасында Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун тургуну М.Н. кармалган.
Тинтүү учурунда Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын ичинен төрт огу менен номуру өчүрүлгөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган.
Аталган факты Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-берене (ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоо) менен катталган.
Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат.