Казакстандык блогер Айжан Байзакова өзүнүн Гелендвагени менен жол кырсыгына кабылды

Казакстандык блогер Айжан Байзакова жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, иниси экөө жолдо эсин жоготуп унааны башкарып бара жаткан кишиге жардам берүүнү каалашкан. Жыйынтыгында ал унаадагы адам блогердин унаасын сүзгөн.

"Анын унаасы зигзаг түрүндө бара жаткан. Унаасын токтотууну чечтик. Ошол учурда "Тез жардамга" чалдым. Натыйжада ооруп жаткан адам газды басып, биздин унааны сүздү. Бактыга жараша, баарыбыз тирүүбүз", - деп жазган блогер.

Ал ошондой эле интернет колдонуучуларды ден соолугуна байланыштуу көйгөй бар болсо ысыкта жолго чыкпоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан