КРнын мамлекеттик чек
ара кызматы Баткен облусундагы “Чарбак”
чек ара заставасынын инфраструктурасын куруу үчүн тендер жарыялады. Бул
тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Курулушка
сарпталуучу каражат 27 миллион 983 миң сомду түзөт. Тендерге катышкысы
келген курулуш компаниялары өз арыздарын 2013-жылдын 25-декабрына чейин тапшыра
алышат.