Ирактын түндүгүндө Күрдистан жумушчу партиясынын согушкерлеринин кол салуусунан Түркиянын Коргоо күчтөрүнүн 4 кызматкери жана куралдуу күчтөрүнүн бир кызматкери набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Күрдистан жумушчу партиясынын согушкерлери менен Түркиянын аскерлеринин кагылышуусу 25-июлда Ирактын түндүгүндөгү Дохок провинциясында болгон. Өз кезегинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган каза болгон коопсуздук кызматкерлеринин жакындарына көңүл айткан.
Түркиянын Коргоо министрлиги Күрдистан жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы жаңы аскердик операциясын апрель айында баштаган.