Министр: "Жөлөк пул алуучулардын арасында 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон бизнес баштаганга таратабыз"

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Алай районунун тургундары менен жолугушту. Анда министр тургундарга социалдык контракт жөнүндө айтып берди. Бул туурасында мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, "Социалдык контракт" долбоорунун алкагында пилоттук режимде Баткен облусунун Кадамжай районунда (50) жана Нарын облусунун Жумгал районунда (50) социалдык жактан аялуу категориясына кирген 100 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндө гранттык каражаттар акысыз берилген.

Февраль айынан баштап долбоордун катышуучулары бизнес-пландарды ийгиликтүү ишке ашырышып, күнөсканаларды куруп, брусчаткаларды даярдоо, автомобилдерди оңдоо боюнча станцияларды ачып, өздүк чарбалар уюштурулган.

"Биз "үй-бүлөгө көмөк" алуучулардын арасында 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон бизнес баштаганга таратабыз.

Ушул жылдын 1-июнунда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына жараша "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул 50 пайызга көбөйтүлдү жана бир айга 810 сомдун ордуна 1200 сомду түзөт. 2016-жылдан баштап бул биринчи жолу болду. Ошондой эле чоңдорго жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга, улгайган жарандарга, жетим балдарга, баатыр энелерге жеңилдиктер 30 пайыздан 200 пайызга чейин көтөрүлдү. Жалпысынан Алай районунун жашоочуларына жыл башынан бери бюджеттен 138 миллион сомдон ашык акча төлөнгөн", - деди Кудайберген Базарбаев.

Жолугушуудан кийин каалоочулар социалдык кызматтар боюнча пайда болгон маселелерди чечүү үчүн министрдин жеке кабыл алуусуна кире алышты.

Маалымат үчүн: Алай районунда 10 миң 300 адам мамлекеттик жөлөк пул алат. Анын ичинен 8 миң 400ү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.

Кийинки жылдан баштап социалдык контракт өлкө боюнча ишке киргизүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан