Бишкекте бир нече көчөнү бир тараптуу кылуу пландалууда. Кайсы көчөлөр?

Борбор калаанын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде директор Максат Нусувалиевдин төрагалыгы алдында жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча штаб болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Штабдын мүчөлөрү Панфилов көчөсүн (Чүй көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин), Логвиненко көчөсүн (Чүй көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин), Ашхабад көчөсүн (Горькийден Култов көчөсүнө чейин), Шопоков көчөсүн (Чүй көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин) бир тараптуу кылуу маселелерин талкуулашкан.

Бир тараптуу кыймылды уюштуруу маселесин кылдаттык менен изилдөө үчүн жеринде биргелешкен кеңешмени уюштуруу чечими кабыл алынган.

"Ошондой эле жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын (АТКС) киргизүү маселеси талкууланды. Учурда Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялык башкармалыгы мамлекеттик ишканасынын балансында 321 жол чырак объектиси бар. Анын ичинен 243 жол чырак объектилер өз кезегинде АСЖМБны ишке ашырууга туура келет. Бирок ишке ашырууда 78 жол чырак объектисин алмаштыруу зарыл, анткени алар эски үлгүдөгү жол чырак болуп саналат", - деп билдиришти мэриядан.
Кеңешменин жыйынтыгында бардык кызматтарга жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, кырсыктарды азайтуу, тыгын көйгөйлөрүн чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан