Прокуратура кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды майрамы менен куттукташты
Бүгүн, 3-декабрда Башкы прокуратуранын
кызматкерлери Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык жатак үйүндө болуп,
ал жердеги тарбиялануучуларды майрамы менен куттукташты. Муну Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
билдирди. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн белектер, азык-түлүктөр, акча каражаттары берилди.
Маалыматка таянсак, прокуратура кызматкерлери аталган жатак-үйгө Жаңы жылга
жакын да барып, балдардын көңүлүн алууну пландап жатат.