Бишкекте баңгизаттарды сатуу менен алектенген жарандар кармалды

Баңгизаттарды сатуу менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баңги каражаттарды мыйзамсыз сатуу каналдарына бөгөт коюу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө гашиш баңгизатын тараткан кыргызстандыктардын тобу аныкталган.

Баңгизат саткан жарандын аты-жөнү аныкталып, ал 39 жаштагы Р.А. аттуу жаран болуп чыккан. Шектүүнү кармаганда ал өз ыктыяры менен 4 баштыкча берген. Ал эми мындан башка 2 баштыкчаны ыкчам кызматкерлер аныктап табышкан. Экспертизага ылайык, алынган зат кара куурайдын чайыры “гашиш” болуп чыгып, бир баштыкчанын салмагы 38.91 грамм, экинчиси 25,31 граммды түзгөн.

Андан ары ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 1977-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, ал сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда ортомчу катары Бакыт аттуу киши болгондугун көрсөткөн.

Ыкчам кызматкерлер анын жайгашкан жерин аныкташып, 1975-жылы туулган шектүү Б.А. негизги сатуучу катары Сокулук районунда кармалган. Текшерүү учурунда андан 10 баштыкча табылып алынган. Эксперттин корутундусу боюнча жалпы салмагы 97,82 граммды түзгөн кара куурайдын чайыры “гашиш” болуп аныкталган.

Андан аркы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Б.А.нын үйүнөн 39 брикет менен эки конверт алынган. Баңгизаттын салмагы 390 грамм түзгөн.

Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан