ЭЛДИК КАБАРга жооп: Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүндөгү иретсиз соода түйүндөр алынды

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, калаадагы Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмө жолдорду тосуп, мыйзамсыз соода жүргүзгөндөргө чара көрүүнү өтүнгөн. Анда окурман "Карапайым элдин жолдо жүрүүсүнө абдан тоскоолдук жаратып жатышат. Коляска менен өтө албай жатабыз" деген.

Бүгүн калаадагы Биринчи Май райондук администрациясынын Экономика жана каржы бөлүмүнүн адиси Бакыт Жаркынбек уулу аталган көчөлөрдөгү мыйзамсыз соода-сатыкка бөгөт коюлганын билдирди.

"Кечээ күнү рейддик иш-чараларды жүргүзгөнбүз. Жыйынтыгында балмуздак саткан 3, мөмө-жемиш саткан 3 түйүн алынды жана түшүндүрү иштери жүргүзүлдү. Атап айтканда, Калык Акиев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз соода-сатыкка дагы бөгөт коюлду.

Бишкек мэриясынын калаанын борбордук аянтында жана негизги көчөлөрүндө иретсиз соода-сатык жүргүзүүгө болбойт деген буйругу бар. Анын негизинде рейд жүргүзүп турабыз", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан